7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Айылдык кеңештин депутаттары кармалды

545

Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз саткан айылдык кеңештин депутаттары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КРнын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды.

Такталган боюнча, кармалган адамдар, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасоо жолу менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган. Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ, 2022-жылдын 17-мартындагы «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» КРнын мыйзамынын негизинде жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жоболорун жашыруу максатында жүргүзгөн анда жер амнистиясы каралган.

Азыркы учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546