“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалганын УКМКдан билдиришти.
«16-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө («Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Араван райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери ошондой эле Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды»,- деп берилет маалыматта.
Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.