7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

36 кыз чет өлкөлүктөргө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн

389

Чет элдик жарандар үчүн кызмат көрсөткөн жашыруун сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, борбор калаанын аймагында караоке клубунун кейпин кийип, чет өлкөлүк жарандар үчүн гана интимдик мүнөздөгү эскорт кызматтарын уюштурган жашыруун жай аныкталды.

Бул жайда жашыруун түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 36 кыз, ошондой эле бул жайдын кызматынан пайдаланган 19 чет элдик жаран аныкталды.

Аталган жайдын уюштуруучусу КР жараны «К.А.А.» кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Коомго жат болгон мүнөздөгү иштер менен алектенген кыздардын жеке маалыматтары такталып, ыкчам каттоого алынды. Аларга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

390