7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

38 млн сомдук жер аянтына мыйзамсыз ээлик кылып келген бирикме аныкталды

680

Мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси 38 млн 800 миң сомдук жер аянтына мыйзамсыз ээлик кылып келишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалы тарабынан 2001-жылда берилип, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте катталбаган жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде 7,76 га жер аянттына (көлмө) мыйзамсыз ээлик кылып келгендиги аныкталган.

Натыйжада, Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментине жогорудагы жер аянтына укук күбөлөндүрүүчү документтерин алуу менен мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук талап келтирилген.

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен жогорудагы 38 млн 800 миң сомдук 7,76 га жер аянты жеке чарба жүргүзүүчү субъектинин мыйзамсыз ээлигинен Балык чарба департаментинин карамагына кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681