Белгилүү Казакстандык ырчылар Райым Бактыгереев менен Ерке Есмахан баш кошушту. Бул тууралуу алар социалдык тармактардан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы үйлөнгөн жубайлар мечиттен түшкөн сүрөттү Instagram баракчасына жүктөшкөн. Жылдыздуу түгөйлөр Урал шаарындагы мечиттердин биринде нике кыйышкан.
Жубайлар көп убакыттан бери мамиледе болушкан, бирок мамилесин бир ай мурун тастыкташкан. Анын себеби алардын жаш айырмачылыгы. Ерке Есмахан Раймдан 12 жашка улуу.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда жубайлар тууралуу көп терс комментерийлер жазылып, аларды сынга алышкан.