7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илим Карыпбеков: «Көптөн бери ушул ойду айткым келип жүргөн, учуру келди деп ойлойм»

670

“Тарифтерди жогорулатканда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгы эске алынып, алар үчүн арзан тариф койгон туура деп эсептейм.”,- бул тууралуу фейсбук баракчасына Илим Карыпбеков жазып чыкты.

“Көптөн бери ушул ойду айткым келип жүргөн, учуру келди деп ойлойм. Биз мамлекетке кайдыгер карайбыз жана дайым сын көз карашта жашайбыз. Мисалдарды келтирейин, жөнөкөй эле элдин сүйлөшүүсү.

Аңгыл-дөңгүл жолдо машинени ылдам айдап койсоң, “өкмөттүн машинесиндей айдайсың го, эмне, не жалко?”-деп айтышат. Психологиябызда “өкмөттүн буюмун аябай, талкалай берсең болот”-деп ойлонобуз.

“Эмнеге мамлекет бизге шарт түзбөйт?”-деп талап коебуз, бирок жарандык милдеттерди аткарууга келгенде качабыз. Светти убагында төлөбөйбүз, салыкты жаап-жашырабыз.

Светтин баасы дүйнө жүзүндө, керек болсо итке минген эл жашаган Африка өлкөлөрүнө караганда бизде тарифтин баасы арзан. Ит бекер деп айтсак болот, 1 кВт 0,70 тыйын. Шаардагы жашоочулардын дээрлик көпчүлүгү электр энергиясы үчүн айына орточо 350-500 сом төлөйт. Жай айында 200-250 сомго чейин төмөндөйт. Бир айдагы жарыкчылык, түзүлгөн шарт, энергиянын баасы. Салыштырып айтканда эң арзан арактан дагы төмөн. Болгону 2 пачка тамекинин баасы менен барабар! Ошону дагы төлөгүбүз келбейт. Айлыктар, пособие, пенсиялар жогорулап жатат, комуналдык төлөмдөрдү деле ойлонуш керек.

Энергетикалык коопсуздукту бекемдөө үчүн светтин тарифин бир аз жогорулатпаса болбойт. Энергетика тармагы банкротко учурайт, эскилиги жеткен трансформаторлор жаңыланбайт. Мынтип күн суук болгондо күч келүүнү көтөрө албай жарылып, иштен чыга берет. Мисалы, тарифти 1-1,5 сомго чейин жогорулатса деле кошуна өлкөлөрдөн, дйүнө жүзүндөгү тарифтерден арзан болот. Бул баа элдин чөнтөгүнө деле күч келтирбейт. Ачык эле түшүндүрүп, энергетикадан түшкөн каражатка ГЭСтердин кубаттуулугун жогорулатып, линияларды жаңылабаса кийин проблемалар жаралат. Бир үй айына ашып кетсе 1000 кВт пайдаланат, ал 1000 сом эле болот. Машинебизге күнүнө 1000 сомдон бензин куябыз, айына 2000 сомдук тамеки чегебиз, 5000 сомдук арак ичип деле коебуз, эч камырабай.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671