7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумаков: Үзгүлтүксүз жарыкты тандаймын, кымбатыраак болсо боло берсин, эң негизгиси жарык өчпөй турса болду

366

Улан Жумаков социалдык тармактарда электр энергиясынын баасы көтөрүлүшү тууралуу өз оюн жазып, “үзгүлтүксүз жарыкты тандаймын, кымбатыраак болсо боло берсин, эң негизгиси жарык өчпөй турса болду.”,-деп билдирди.

“Жазында электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүн күтүп жатканыбызды баары эле билишсе керек. Эми 1 кВт электр энергиясы мурдагыдай 77 тыйын эмес, 1 сом болот. Демек, тариф болгону 23 тыйынга көтөрүлөт.

Союз учурунда курулган энергетикалык системабыз жараксыз болуп, электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө туруштук бере албай жатканынын баары эле билсе керек.

Эгемендүүлүктүн бардык жылдарында суу ресурстарыбыз жетиштүү болсо дагы бир дагы электр станциясын курабыз деп убара болгон жокпуз. Өлкөнүн мурдагы жетекчилери экономикадан башка бардык нерселер менен алек болушкан. Натыйжада, бүгүн биз суткасына бир нече саат электр жарыгы жок отурууга аргасыз болуп жатабыз!

Ушул эле темп менен кете берсек, бир нече жылдан кийин батирлерибизде, үйлөрүбүздө электр жарыгы сейрек учуроочу конок болуп калат. Мындай болбошу үчүн бул көйгөйдөн кандайдыр бир жол менен чыгышыбыз керек.

Менин түшүнгөнүм боюнча, бул жаатта процесс башталды. Кыймыл Камбар-Ата ГЭС-1 боюнча башталат. Аны кура турган болсок, анда Камбар-Ата ГЭС-2ди да алабыз. Бул чоң инвестицияларды жана адистерди талап кылган ири долбоорлор.

Эгерде мини ГЭСтер менен бирге ушул чоң ГЭСтерди кура алсак, жарыктан эч кандай маселе болбойт. Ал эми электр энергиясынын тарифине келсек, коңшуларга салыштырмалуу бизде электр энергиясы арзан. Болгону көптөр ойлонбой эмес жерге дагы жарыкты иштетишет. Электр энергиясына жана жылуулукка этият мамиле кылуу кандай болорун көптөгөн мекендештерибиз биле бербейт…

Туулган күнгө, тойго, мааракелерге, ар кандай майрамдарга себептүү же себепсиз барууга бир нече миң сом коротобуз, бирок электр энергиясына тарифти көтөрүү чечими чыкканда жинибиз келе баштайт. Анан эмне, тариф эч качан көтөрүлбөшү керекпи?

Менин жеке оюм боюнча үзгүлтүксүз жарыкты тандаймын, кымбатыраак боло берсин, бирок өчпөй турса болду. Ар бирибиздин өзүбүздүн тандообуз бар…

Жарык менен көйгөйлөрдү биротоло чечүүгө убакыт келди!”,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

367