Чет өлкөлүк жаран жана Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин (фитосанитардык кызмат) кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан “Мыйзамсыз ишкердик” жана “Коррупция” фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул адамдар салык төлөөдөн качуу максатында, түндүк көзөмөлдөп өткөрүү пункттары (Чалдовар, Ак-Тилек, Ак-Жол жана Чоң-Капка унаа жолу) аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба жана башка продукциялар жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн зарыл болгон жүк ташуучу документтерди даярдоонун туруктуу мыйзамсыз схемасын уюштурушкан.
Аталган чет элдик жаран Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, салык органдарына жалган фирмаларды каттоодон өткөрүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды тиешелүү жол-жоболордон өткөбөстөн тоскоолдуксуз экспорттоого ишкерлерге акчалай сый акы алуу үчүн жүк ташуучу документтерди сейф менен камсыз кылгандыгы аныкталды. Жалпысынан мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Октябрь райондук сотунун чечими менен аталган жарандар КР юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №21-тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Кошумча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.