7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда атасы менен бассейнге барган бала сууга чөгүп каза болду

1157

Жалал-Абад шаарында жаш өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Жалал-Абад областык ооруканасынын жаш балдар бөлүмүнүн дарыгери тарабынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын тургуну 9 жаштагы бала бассейндердин биринде сууга түшүп жатып кокусунан сууга чөгүп каза болгонун билдирген.

Бул окуя боюнча милиция тарабынан каза болгон баланын жансыз денесине Жалал-Абад областык ооруканасынын, Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын прокурорунун орун басары жана атасынын катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун атасы бул боюнча арыз жазуудан жана медициналык соттук экспертиза өткөрүүдөн баш таркан.

Аталган факты маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1158