Алдамчылыкка шектелген Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) алдамчылык жолу менен башка бирөөнүн акча каражаттарын ээлеп алуу максатында алдамчылык аракеттер болгонун айтып, арыз менен кайрылган.
Маалым болгондой, бейтааныш жаран алдамчылык жолу менен көмүрдү биргелешип сатуу шылтоосу менен арыздануучунун ишенимине кирип, 250 000 сом акча каражатын алган. Андан кийин аталган кылмышка шектүү жаран кандайдыр-бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн дагы 150 000 сом сурап, алгандан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 400 000 сомду түзөт.
Аталган факт Свердлов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган С.М. тергөө кызматына жеткирилген. Белгилей кетсек, кылмышка шектүү бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.