Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Ошондой эле, аталган кызматтан депутат Эмил Жамгырчиевдин дайынсыз экенин билдиришти.
«Жанар Акаевде ЖК депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айткан. Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Эмил Жамгырчиевден алган. Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз. Ошону менен бирге, УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет»,-деп берилет маалымат.