7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

41 жаштагы киши учактан секирүүгө аракет кылган

586

Индиялык IndiGo авиакомпаниясынын жүргүнчүсү учуп бараткан учактын авариялык эшигин ачып, андан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу The New York Post басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Индияда Гувахатиден Агарталага учуп бараткан учакта болгон. Учуу учурунда 41 жаштагы Бисважит Дебнатх капыстан туруп, авариялык эшикти ачууга барган. Муну көргөн жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү аны токтотууга шашылышкан, бирок ал каршылык көрсөткөн. Жүргүнчүлөр стюардессаларга учак аман-эсен конгонго чейин аны кармап турууга жардам беришкен. Көздөгөн жерине жеткенде ал индиялык полиция тарабынан кармалган.

Дебнатх көптөн бери депрессия менен күрөшүп жүргөн. Ал учактагы 180ден ашык жүргүнчүнү коркунучка алып, экипаж мүчөлөрүнө кол салган деп айыпталууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

587