Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад шаарларына барып, жаңы аэропорттордун курулушу менен таанышты.
Ал курулуш иштеринин жүрүшүн, колдонулуп жаткан материалдардын сапатын жана белгиленген талаптардын аткарылышын текшерди. Ошондой эле курулушка жооптуу адистердин маалыматын укту.
Самидинов иштерди сапаттуу жүргүзүп, убагында бүтүрүү керектигин белгиледи.
Ош эл аралык аэропортунда аянты 25 миң чарчы метрден ашкан жаңы терминал курулууда. Ал ишке берилсе, аэропорттун жүргүнчүлөрдү тейлөө мүмкүнчүлүгү кеңейет. Курулушту 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырылды.
Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт курулуп жатат. Долбоорго терминал, учуп-конуу тилкеси жана учактарды тейлөөчү башка объекттер кирет. Курулуш иштерин 2027-жылдын үчүнчү чейрегинде аяктоо пландалууда.



