УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад эли менен жолугуп кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу түзүлгөн протоколду ачык айтты.
Анда ал 4100 гектар жерде отурукташкан элди көчүрүү оңой эместигин баса белгиледи.
«Өзбекстан 1972-жылы Кыргызстандын Кадамжай, Аксы, Ноокен, Араван, Ала-Бука райондорунда 100 миңдеген эл отурукташып, жашап жаткан 4100гектар жерин бизге берген экен. Ош-Бишкек жолунун бардыгы ушул копроматтын негизинде Кыргызстанга ыйгарылыптыр. Буга чейин бир дагы өлкө бапшчы 300 гектар жерди ала албай келишкен. Анын ордуна биз 1000 гектар жер алдык. Анын 500 гектары Сузакта, ал эми 500 гектары Өзгөнгө берилди. Ал райондордо эл көп жашайт. Ошондо биз 4400 гектар жерге 900 горизонталга суу астындагы жерди бере турган болдук. Биз жок бул жерди бербейбиз деп тура турган болсок, дагы 100 жыл ушинтип улана берет. 100 миңдеген адамдарды 4100 гектар жерден көчүрүп чыгышыбыз керек болот, баарын эмес бир үй-бүлөнү көчүрүү кыйын. Муну мамлекет көтөрө албайт. Жөн тургандан көрө 4400 жерибизди берип, 5100 жерибизди алып жатабыз», — деди ал.