Кемпир-Абаддын суусуна балык уулап, суу алууга уруксат берилди. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Савай айылынын Кемпир-Абаддагы эл менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу протоколду тааныштырууда айтты.
«Кемпир-Абад суусуна буга чейин кыргыздарды жакындатпай келген учурлар болгон. Эми эч качандай чектөө болбойт. Ал жактан сууну кенен алып, мал суугарып, балык уулоого бара алышат. Алар менен суунун тегеретип тосмо койбоо келишими түзүлгөн. Башкача айтканда сууга кайсы тараптан болсо да кире аласыздар», — дейт УКМКнын төрагасы Ташиев.