Бүгүн, 19-апрелде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Савай айылына барып эл менен жолугушту. Анда эзелтеден келе жаткан чек ара чырын, жер маселелерин ачык атап өттү.
Анын айтымында, Савайдын 50 гектар жерин берип, Өзгөндөн ошол эле өлчөмдөгү жер Кыргызстанга өтөт.
«Өзбек тарап 900дөн ашырып жибербеши үчүн суунун иштетип туруу максатында биргелеишкен иш-кана кура турган болдук. Анда суунун 900 горизонталынан ашырбоо коопсуздугун карап турушат. Андын сырткары, суунун жээгиндеги 1300 гектар жерди айыл өкмөттөр менен жер адистери өзуңөр бөлүп бересиздер. Ушуну менен компромоттун иши бүттү. Ошондой эле булар 100 гектар жерди алмашалы дешти. Алар ушул жерден 100 гектар жер бергиле, ордуна Өзгөндөн 100 гектар жер алгыла дешти. Алмашуу жолу менен бул жерден 50 гектар бериле турган болду, анын ордуна биз Өзгөндөн 50 гектар жер ала турган болдук. Мына Кадамжайда 15 гектар жерди алмашып бергиле дешти, аны айттык макул дешти. Аксыда 15 гектар жерди алмашып бергиле дедик, себеби 15 гектар жерге жетиш үчун 40 километр жерди басып өтүш керек экен. Ошол үчүн мен ал район элине 15 гектардан жер дайындап койгула дедим. Бул болгону алмашуу жолу менен гана болот», — деди ал.