Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда жамгыр карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
- 20-апрелде күндүз жана 21-22 апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы;
- 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы;
- 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт;
- 21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда;
- 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат;
- 22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.