Бишкекте 15-апрелде түнкүсүн Көк-Жар кичирайонунан унаа уурдап кеткен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде болжол менен саат 03:43төр чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Көк-Жар” кичирайонунан“Гольф-3” автоунааны мыйзамсыз айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 03:20лар чамасында үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап кеткендигин такташкан. Кылмыш изи сууй электе Достоевский көчөсүнөн унааны айдап бара жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Б.Т. жана 2005-жылы туулган К.у.Б. аттуу жарандарды кармалышкан.
Учурда Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.