7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

РФнын аскер кызматчылары Жапаровдун энчилүү сааты менен сыйланышты

450

Россия Федерациясынын аскер кызматчылары Жапаровдун энчилүү сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-апрелден 3-апрелге чейин «Коопсуздук-2021» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар болуп өткөн.

«Машыгууга 2 миңден ашык адам тартылып,  болжол менен 100 автомобилдик, бронетанкалык бирдик жана атайын техникалар, 20 артиллериялык система колдонулуп, 10 учак катышты. Ошондой эле Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин 20022-аскердик бөлүгүнүн аскер кызматчылары  да тартылган. Машыгуунун жыйынтыгында Россия Федерациясынын 11 аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу аземи Кант авиабазасында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

451