Коопсуздук кеңешинин жабык эшик артында өтө турчу жыйыны тууралуу тараган маалымат жалган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президентинин Аппаратынын иш-чаралар графигинде 20-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү планында каралган эмес жана буга чейин дагы ушул датада өткөрүү белгиленбеген.
Белгилей кетсек, Бүгүн, 19-апрелде «24.kg» маалымат агенттиги өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Коопсуздук кеңеши жабык эшик артында жыйын өткөрөт деген маалыматты жазып чыккан. Буга ылайык президенттин аппаратынын басма сөз кызматы расмий жооп калтырып, агенттикке жарыяланган маалымат чындыкка дал келбестигин айтты.