Кыргызстанда мыйзамсыз жүрөт деген негиз менен чет элдик 45 жаран депортацияланат. Алардын 33ү Пакистандын, 12си Бангладештин жарандары экенин УКМК билдирди.
Алар виза мөөнөтүнүн убактысы өтүп кеткенине карабай, Чүйдөгү канаттуулар фабрикасында иштеп жүргөн. Депортациялоо чечимин Ички иштер министрлиги чыгарды.
УКМК Кыргызстандык иш берүүчүлөрдү миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.