Жалал-Абад облусунда кызмат адамдары 5 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз пайдаланышкан. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Чаткал районундагы маданият үйүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында кызмат адамдары тарабынан 5 млн 255 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу жана кызматтык автоунааны эсептик баасын төмөндөтүү жана документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары такталды.
«Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Жыйынтыгында мурдагы директор Н.Ж.Н. жана башкы бухгалтер Б.А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.