Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 96 чакырым аралыгында (Тоң айылы) “ДАФ” чоң оор жүк ташуучу жана “Нива” унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен «Нива» унаасынын 45 жаштагы айдоочусу унаада кыпчылып калган.
Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.