2021-жылдын июнь айынын башында Сузак милициясы тарабынан район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын тургундары 1968-жылы туулган Ш.Т. жана 1973-жылы туулган Ч.А. аттуу жарандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында Ш.Т.нын үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 4 даана ок-дарысы, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу курал 13 даана ок-дарысы, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптары менен табылып алынган. Ал эми Ч.А.нын үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган.
Алынган маалыматтар Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Эскерте кетсек, алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.