Ош облусунун Ноокен райондук Бүргүндү айыл аймагындагы Ош – Бишкек жолунун 497-чакырымында май ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Майлуу-Суу шаарынын №83 өрткө каршы кызматынын 1 өрт өчүрүү бригадасы келген. Андан тышкары, иш-чара Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган жок.