Кечээ Баткенде өлкө аймагына мыйзамсыз кирген АКШ менен Япониянын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзам бузган 192 жаран кармалган. Ошол эле 709 киши туура эмес документти пайдаланып Кыргызстанга кирүүгө аракет кылып, колго түшкөн.
«Баткен облусунун Нургазык аймагына 23 жаштагы АКШлык эркек жана 32 жаштагы япониялык аял уруксат документтери жок эле киришкен», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, быйыл 1-январдан бери Кыргызстанга 1,7 миллион адам кирип, 1,8 миллион адам чыгып кеткен.