Туп районунун Кудургу айылынын четиндеги тегирмендин жанында зордук зомбулук менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси 3-июнда табылган. Ысык-Көл ОИИбнын басма сөз кызматы бул фактыга шектүү катары 36 жаштагы жаран Бишкектен кармалгандыгын кабарлайт.
Маалыматка ылайык, алардын ортосунда эски кеги болгон. Кылмышка негизги шектүү катары 36 жаштагы Кудургу айылынын тургуну Б.Н. кармалган. Ошондой эле маркумду тегирмендин жанына чакырып бергендиги үчүн, кылмышка шериктеш катары, 62 жаштагы Ак-Булуң айылынын тургуну А.У. кармалган.
Райондук соттун чечими менен кармалгандар 2 айга камалышты. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүүдө.
Маркум Е.К. 39 жашта болгон, экспертиза кыйноого алып өлтүрүлгөндүгүн тастыктаган.