7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы 20-июнга чейин келет

545

Өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 дозасы келип, эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Кытайдын Sinopharm вакцинасын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттоого алган.

«Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы беш күндүн ичинде келет» деди министр.

Эскерте кетсек,буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасын алуу пландалганын жана аталган вакцинанын эч кандай кыйыр таасирлери байкалбаганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546