2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү болгон баш аламандыктын натыйжасында административдик имараттан Мамлекеттик кадр кызматынан компьютерлер жана видеокамералары уурдалган. Баштапкы баасы 1 миллион 213 миң 9 сом болгон жалпы 35 буюм каракталган. Ошондой эле мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) балансында турган эки унаа бузулган.
Бул тууралуу Эсеп палатасы 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги аудиттин жыйынтыгы боюнча маалыматында билдирди.
Маалыматка ылайык, аудит МККнын бюджетинин иш жүзүндөгү чыгашаларынын көбү эмгек акы жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр экенин көрсөткөн. Ошол эле учурда, 2020-жылы МКК кызматкерлеринин коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу аралыктан иштөөгө өтүшүнүн натыйжасында 1 миллион 843 миң 5 сомдук эмгек акы үнөмдөлгөн.
Өкмөттүн токтомунда МККны 1-3-кабаттардагы жайларга жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эл аралык салттуу жана эксперименталдык медицина академиясы ээлеген мамлекеттик имараттын жер төлөсүнө жайгаштыруу тапшырылган. Имаратты оңдоого 20 миллион сом бөлүнгөн.
Басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик имараттагы курулуш, монтаждоо жана оңдоо иштерине аудит жүргүзүү учурунда жалпы 102 миң сомго жумуштун көлөмүнүн ашыкча бааланышы аныкталган.