Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-башчысы жана Чүй облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Бүгүн, 20-сентябрда Туйгунаалы Абдраимов УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болгон.
Ал эми Туйгунаалы Абдраимовдун уулу Элмурат Абдраимов бул маалыматты тастыктады. «Эртең менен атамды УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына суракка чакырышты. Аны камакка алып коюуулары мүмкүн. Коопсуздук кызматкерлери үйдү жана кеңсени тинтүү жүргүзүштү. Алар мүлкттөрдүн документтерин алып кетишти», — дейт ал.
Эске сала кетсек, Туйгунаалы Абдраимов бийликти күч менен басып алууга да байланышы бар. Ага ылайык, 16 -сентябрда Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында суракка алынган.