Учурдун талабына ылайык, ар бир кыргызстандык социалдык баракчасында коомдун көйгөйүн, аткаминерлерди жана башка көрүнүктүү инсандарды, болуп жаткан кырсыкты түз жеринен берип калды. Айрымдары сынга алса, кээ бирлери алкоо сөздөрүн сындашат.
Акыркы учурларда көптөгөн аткаминерлер суракка чакырылып, мамлекеттик бюджетке ири суммадагы айып пулдарды төлөшүүдө. Ушуга карай УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши алкоого алынып, социалдык тармактарда ыраазычылык посттор көбөйдү. Дагы бир Facebook колдонуучу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:
«Эмне десең да, ачуу чындыкты айталы. Кармалгандын баары миллиондорду төгүп жатат. 15-20 миң айлык-акы менен миллиондорду кайдан табышты? 30-жылдык тарыхта, коррупция менен күрөш бүгүнкүдөй болгон эмес. Кусуп атат, төлөп атат, ооруп атат, качып атат, камалып атат. Мамлекеттин менчиги, элдин ырыскысы эртедир-кечтир кайтышы керек. Кетмен чаап, адал соода жасап, бир дагы саясатчы-чиновник байыган эмес. Баары Кудай дейт. Булар үчүн Кудай дежурный сөзгө айланган. УКМК башчысы Ташиевди байлардын үй бүлөөсү, же олигархтын казанынан казы-карта жегендер жаман көрүшү мүмкүн, карапайым калкка жагып эле жатат.