7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын окуу жайларында тажиктер эркин окуй алышабы? Расмий жооп

485

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) окуп жаткан тажикстандыктардын маселеси боюнча түшүндүрмө таратты.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоору иштелип чыккан.

«Буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга тапшырган же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандарына, анын ичинде этникалык кыргыздарга, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Ушул тапта буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен макулдашылууда.

Тажик тарапка бул тууралуу эрте эле эскертилген.

Маалымат иретинде белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны окуган».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486