7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туйгунаалы Абдраимовдун бир айылды тегиз бакчу байлыктары ачыкка чыкты

994

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тергөө учурунда Туйгунаалы Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү аныкталган.

«Легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир канча эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдери башка адамдардын атына катталган.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Туйгунаалы Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган.

Белгилей кетсек, Туйгунаалы Абдраимов жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган. УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («мыйзамсыз баюу») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталды.

Учурда бул иштин алкагында кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө», — деп жазылат УКМК берген маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

995