7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эльбрус тоосунда беш альпинист каза болуп, 14 жаран куткарылды

655

Орусиянын Кабардино-Балкария Республикасындагы Эльбрус тоосуна чыгуу учурунда беш альпинист каза болуп, жөө жүрүштүн 14 катышуучусу куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү Эльбруска 5 миң 400 метр бийиктикке чыккан 19 альпинисттен турган топ, аба ырайынын начарлашына байланыштуу куткаруучулардан жардам сурап кайрылышкан.

Куткаруучулардын маалыматында, ал жердеги абанын температурасы -20 градус, ал эми шамалдын ылдамдыгы секундасына 70 метрге чейин жеткен. Куткарылгандардын ичинен сегизөөнүн бутунан оор  жараат алгандыгы, айрымдары үшүккө кабылгандыгы маалым болгон.

Жалпысынан куткаруу иштерине 69 адам жана 16 техника тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656