7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5-апрелге чейинки болжолдуу аба ырайы менен таанышып алыңыз

4935

Кыргызгидромет борбору 1-апрелден 5-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

1-5-апрелдерде Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

1-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
2-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
3-апрелде жана 4-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-апрелде күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 4-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-апрелдерде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде жана 2-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.
2-апрелде күндүз жана 3-4-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.
5-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде 14 метрге жетиши күтүлөт.
1-5-апрелдерде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
2-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
3-апрелде жана 4-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
4-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 4-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-апрелде көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар, кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
1-5-апрелдерде Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
3-апрелде күндүз чыгыш тарабында жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

5-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, жаан, кар тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде жана 4-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
1-5-апрелдерде Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
1 апрелде күндүз, 2-апрелде жана 3-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.
3-апрелде күндүз Каракол шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
4-апрелде жана 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
5-апрелде күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
2-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
3-4-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 4-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
5-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4936