7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түрк кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат

525

Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарада эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылган.

Бейформал саммитке Казакстан Республикасынын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышары мерчемделүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526