7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5 килограммдан ашуун төрөлгөн ымыркайга Алим деген ысым ыйгарылды

985

Бишкекте салмагы 5 кг ашуун төрөлгөн Алимге салтанаттуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында жашаган Сатымкуловдордун үй-бүлөсүндө салмагы 5 кг 130 грамм болгон уул төрөлгөн.

Буга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Аймактар аралык бөлүмдүн кызматкерлери бактылуу үй-бүлөнү куттуктап, салтанаттуу түрдө жаңы төрөлгөн баатырга туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырышты.

Жаңы төрөлгөн ымыркайга ата-энеси Алим деген ысымды ыйгарды, Алим үй-бүлөнүн тун уулу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

986