7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылган жарандар кармалды

893

5 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылган КРнын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салмагы 5 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылган 1988-жылы туулган Д.А.М., 1988-жылы туулган Б.О.А. жана Ж.Т.Ж. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды.

КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 3-январында шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде КР УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

894