“Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанымал кримтөбөл түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары маалымдайт.
Маалым болгондой, Чыңгыз Адашкановичти камоо өкүмү 2019-жылдын 19-июнунда чыккан. Судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексиндеги 266-берененин 1-бөлүмү (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга кесилип, 190 миң сом айып пул салынган.