7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта эки аял алууга айыпталган жаранга козголгон иш кыскартылды

569

Сузакта аялынын үстүнө дагы аял алып, той өткөргөн тургунга козголгон иш кыскарды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ырастайт.

Маалыматка ылайык, аталган кишинин эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин 179-беренесинде (Эки жана андан көп аял алуу) каралган кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу өндүрүш иши кыскартылган.

Ушул жылдын июнь айынын башында Сузак районунун тургуну экинчи жолу үйлөнүп, той өткөргөнү боюнча видео-маалымат социалдык тармактарга тараган. Бул окуя Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 179-беренеси (Эки же андан көп аял алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ал эми экинчи аялын коомчулукка жарыялап, той өткөргөн адамдын жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууну жараткан. Ошондой эле, биринчи аялы аларды куттуктап жатып, күйөөсүнүн экинчи аялына «күндөшүм эмес, сиңдим болдуңуз» деген сөзү көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570