7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

500 миң долларга алдады деген шек менен «Памир Стройдун» ээси кармалды

315

Президент Садыр Жапаровдун жакынынын атын жамынып 500 миң доллар алган деген шек менен «Памир Строй» курулуш компаниясынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал жаран 2023-жылы үлүштүк негизде башка жарандын жер тилкесине көп кабаттуу үй курууну макулдашкан. Былтыр мамлекеттик органдар аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу жөнүндө сотко арыз берип, турак жай аянтынын 10 пайыздык бөлүгү мамлекетке өткөн.

Мындан пайдаланып калууну көздөгөн шектүү маселени өлкө башчынын тууганы аркылуу чечем деп башка жарандан 500 миң доллар алган. УКМК анын акчаны алдап алганын тактап, камакка алды.

Учурда тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

316