7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5000 сомдуктар килем болуп жайылып… Чаткал токой чарбасынын башчысы кармалды

9

УКМК тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча ӨКМнин алдындагы Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы Б.М.О. кармалды.

Аталган жаран «Алтын Белги» ЖЧКсынын директору Ж.у.А. аттуу жарандан 5 000 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ал өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча «Алтын Белги» ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантканы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.

 

10