Ош шаарындагы Сары-Зоо участкасында 528 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, үч кабаттуу имарат республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен курулду.
Мектепте окуу кабинеттеринен тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, спорт зал жана жыйындар залы каралган. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө үчүн күн панелдери орнотулган.



