Баткен облусунда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү иштери уланууда.
Бул жолу Баткен районунан жана шаарынан кайрылган 11 жарандын көйгөйлөрү каралып, айрымдары жеринде чечилди. Калган маселелерди мыйзам чегинде кароо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.



