Урматтуу кыргызстандыктар!
Кечээ жакында бир катар булактардан мага маалыматтар келди. “Койнунда котур ташы бар” арам ойлуу, чагымчыл саясатчылар “шайлоого чейин түштүктө өзбек-кыргыз ортосуна от жагып, чыр чыгарып, шайлоону өткөрбөй коюш керек” деген сындуу пландарын сүйлөшүп жатышат.
Азырынча сөз кылып гана жатышат. Бирок сөз жүзүндөгү бул чагымчыл ойлору ишке ашып кетиши да мүмкүн.
Себеби, өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгарышы үчүн сезимге ойногон, куру намысты козгогон ар кандай жалган кептерди таратып, болбогон жерден чыр чыгарып жиберишет. Биз муну 1990-жылы, 2010-жылы эки жолу башыбыздан өткөрдүк. Ушул эки жолку жаңжалда канчалаган карапайым өзбек-кыргыз жарандарыбыз кырылып кетишти.
Ошол жаңжалдарды уюштурган саясатчылардын бирөөсүнүн жакынынын чыпалагы дагы жабыркаган жок.
Алар эки жаат кылып, акырын уруштуруп коюп, табасы канып, четте карап тура беришет. Аларга бийлик гана керек. Алданып, жапа чеккендер жалаң гана карапайым калк болуп кала берген. Анын кесепетинен өмүр бою түрмөгө кирип кеткендер да карапайым элдин балдары болгон.
Ошондуктан, урматтуу калайык-калк, менин өтүнүчүм мейли өзбексиңби, мейли кыргызсыңбы, кандай гана чагымчыл сөздөр болбосун, ээрчип, жетеленип кетпеңиздер.
Алардын арам ойлуу чакырыктарына алданып калбаңыздар.
Айрыкча, ошол эки жаңжалды башынан кечирген орто жаштан өтүп калган өзбек-кыргыз ак сакал, көк сакалдар, сиздер ошол жаңжалдарды көрбөгөн азыркы каны кызуу 20-25 жаштагы жаш балдарга жаңжалдын кесепеттери кандай трагедиялуу болорун эскертип туруңуздар.
Жаңжалды көрбөгөн жаш балдар бир гана бийликти көксөгөн арам ойлуу чагымчылдардын куурчагы болуп кетишпесин.
Мен муну коркуп айтып жаткан жерим жок. Мен эскертип, “алдын алалы” деп айтып жатам.
Азыр биздин мамлекет 1990, 2010-жылдардагы алсыз мамлекет эмес. Кокус жаңжал чыгып кетсе, бир-эки күндө басып салууга мамлекеттин күч-кубаты, дарамети жетет. Тилекке каршы, андай учурда сөзсүз жабырлануучулар болот. Бирок андай трагедиянын эч кимге кереги жок.
Эгер кимдир бирөөлөр чагымчыл кептерди сүйлөп, чагымчыл иш-аракеттерди баштап жаткан болсо дароо УКМКнын, ИИМдин аймактардагы бөлүмдөрүнө же жергиликтүү бийликтегилерге кабар бериңиздер.
Биз карапайым элге кесепети тийбеши үчүн, бейкүнөө адамдар жабыркабашы үчүн, чагымчылдар кайсы улуттан болбосун, дароо бөгөт коюшубуз керек!
Урматтуу калайык-калк, “Ынтымак бар жерде – ырыс бар” дейт. Ынтымактуу бололу, ынтымактуу болсок гана өнүгүп, өсөбүз.
Ынтымактуу болсок гана ар кандай чагымчылдарга каршы тура алабыз, алардын арам ойлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейбиз. Ынтымактын, тынчтыктын баасын-баркын билели, сактайлы. Ооба, биз түшүнүп эле турабыз. Кытай темасын көтөрүшкөндө эл ээрчибей койгондон кийин, эки бир тууган элди өзбек-кыргыз кылып бөлүп, чабыштыруу планын ойлоп жатышат. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп бүтпөй калса экен” дегенде ак эткенден — так эткен кара ниет саясатчыларыбыз бар. Эгерим аларды ээрчип албагыла! Алар мурдунун учунан алысты көрө албаган, ою кыска, ниети пас пенделер.
Кудай буюрса, аталган темир жол бүтсө, жүздөгөн жылдар бою Кыргызстандын бактысы да, келечеги да кең болот.
Ал эми “котур ташы” койнунда бар, арам ойлуу, чагымчыл саясатчыларга эскертерим: “Биз билинбей кала беребиз” деп ойлобогула!
Илгеркидей “кыңыр иш кырк жылда эмес”, азыр 40 мүнөттө билинет. Азыр күч органдарынын кызматкерлери кесипкөй да, мекенчил да. Чагымчыл иш-аракеттердин кесепеттерин да жакшы билип калышты. Техникалык мүмкүнчүлүктөрү да кеңири. Өлкө боюнча он миңдеген видео камералар иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө биз коопсуз өлкөдө жашап жатабыз. Мындан ары да коопсуздукту камсыз кылуу, элдин бейпилдигин сактоо үчүн элди бөлүп-жаргандарга катаал чараларды көрөбүз.
Анан тиешелүү органдар жоопко тартып жатканда, адаттагыдай тордун артында олтуруп алып: “Мен таптаза болчумун, мени саясат кылып, жөн эле камап коюшту, мени жөн эле соттоп жатышат” деп кыйкырып калбагыла. Эсиңер барда, этегиңерди жапкыла!
Кыргызстанга, жалпы кыргызстан элине тынчтык жана стабилдүүлүк гана керек!
30 жыл башаламандыктардан башыбыз чыкпай жүрүп, сазга батып кеткенибизди эл унута элек. Эми гана саздан чыгып, алдыга карай ишенимдүү кадам таштадык.
Тоскоолдук кылбагыла! Аң-сезимиңерди өзгөрткүлө!