7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

57 миңден ашык адам “Түндүк” тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө тыюу салды

9

Кыргызстанда 57 миңден ашуун адам “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Быйыл июль айында президент Садыр Жапаров “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык каалаган адам насыя алууга өзүнө-өзү тыюу сала алат.

1-ноябрдан баштап мындай тыюуну “Түндүк” тиркемеси аркылуу да кылып коюуга шарт түзүлгөн. Мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.

Банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга өтүнүч келгенде кредиттик бюродон маалымат сурап, эгер тыюу салуу бар болсо насыя бербеши керек. Бул талап бузулса берилген насыя жараксыз деп табылат.

Акыркы жылдары Кыргызстанда интернет шылуундар көбөйдү. Адамдардын документтеринин маалыматтарын чогултуп анын атынан насыя алып койгон учурлар да бар.

10