Жайыл районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 1992-жылы туулган А.А. аттуу жаран бычактан жаракат алып, аймактык ооруканага тушкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча электрондук журналга катталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип, 1987-жылы туулган С.Д. кармалган.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка толугу менен эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Шектүү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.