6-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үшүк Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жүрөт.
Үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып бирок үстү жабылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот.