13-сентябрда Бишкек шаарынын Тоголок Молдо менен Куренкеев көчөлөрүнүн кесилишинде унаанын рулунда отурган мас абалындагы 1997-жылы туулган Алина аттуу кыз жана анын жолдошу “Народный” дүкөнүнүн алдында Бишкек шаарынын тургунун катуу сабап салышкан. Бул тууралуу жабыркаган аялдын кызы жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Маалыматка ылайык, анда мас абалындагы кыз “Ravan” үлгүсүндөгү унаада мас абалында отурганда жабыркаган аял буга эскертүү берип, мас абалында унаа айдабаш керектигин айткан. Бул эскертмени Алина жана анын жолдошу агрессивдүү кабыл алышып, аялды сабап киришкен.
Жабыркаган аялдын кызынын айтымында Алинанын жолдошу апасын муунтуп, бир нече жолу муштап, мурдун сындырып, чачынан кармап, жолго сүйрөгөн. Ал учурда жабырлануучу жолдогулардан милицияны чакырууну өтүнгөн.
Окуя болгон жерге милиция келгенде дагы ачууланган жаш түгөйлөр тизгинин тартпай, Алина жабырлануучуну таш менен бетке урганда, аял киши эс учун жоготуп, аны ооруканага алып кетишкен. Милиция Алина аттуу жаш кызды кармап, бирок ал үй камагына бошоп кеткен. Алар ооруканада жаткан аялга материалдык жардам дагы көрсөткөн эмес.
Жабырлануучунун кызынын айтымында, ооруканага көп акча керектелип, апасынын бутуна карсет салууга туура келген. Эми жабырлануучу тарап, Кыргызстанда адамдар бирин-бири сабап, ал үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылбайбы деген суроого жооп табалбай жатышкандыгын айтышат.