7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6 жашар өгөй баласын сабаган эркек киши бошотулду

277


Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун чечими менен 6 жашар өгөй баласын сабаган А.Б. аттуу жаран эч жакка кетпөө тилкаты менен коё берилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Чүй облустук милициясы, баланын апасынан Сокулук райондук милициясына тосмо арыз келип түшпөгөнүн билдирет. Белгилей кетсек, буга чейин ал баланын апасы тосмо арыз жазганы айтылган.


Эскерте кетсек, 18-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 17синен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.


Бул факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

278